У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Медетбек Калыков, дарыгер: "COVID-19 илдетинин очогунда иштөө биринчиден милдет, экинчиден эбегейсиз тажрыйба"

Кыргыздын уул-кыздары дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун ийгилик жаратып жатса кубангандан төбөң көккө жетпей койбойт экен. Мекендешибиз Медетбек Калыков Москва шаарындагы В.В. Виноградов атындагы №64-шаардык клиникалык ооруканасында дарыгер болуп иштейт. Учурда жанын оозуна тиштеп, дүйнө жүзүн каптап жаткан коронавирустун очогунда кызмат кылууда. Азыркынын баатыры, жанын тобокелге салып өз милдетин аткарып жаткан жаш дарыгерди кепке тарттык. 

 

- Медетбек, дүйнө элин беймазага салып жаткан коронавирустун чок ортосунда иштөө кандай экен? Коркунучтуубу?
  • Дүйнөдө жүрүп жаткан  COVID-19 илдетинин кенен таралып жаткан учурда иштөө тагдырдын жазмышы экен, бир чети абдан кооптуу болгону менен, бир чети өзгөчө абал шартында, эпидемиологиялык кыйын кырдаалда кызмат кылуу мен үчүн  кайталангыс тажрыйба. Анткени мындай шарт дагы кайталанып калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан илдетти жугузуп алгандар менен иштөөнү жана аларды дарылоону биринчи кезекте милдет, экинчиден эбегейсиз тажрыйба катары эсептейм!


     
  • Көз алдыңарда кээ бири өтүп кетип, кээ бири кыйналышат чыгаар...Өз көзүң менен көргөн дарыгер катары айтсаң бул оооу менен кандай оорушат экен, канчалык кооптуу?
  • COVID-19 илдетин жугузуп алган орулуулар бизге күн сайын келип түшүүдө. Оорунун стадиясы ар кандай учурларда болгон оорулуулар келип жатышат. Кээ бирөө жаңы башталганда, кээ бири өтүштүрүп  жиберип оор абалда келип жатышат.   Вирустар биологиялык жактан алып караганда мутация болуу ( комбинация новых генов, видоизменчивость, ) касиетине ээ. Бир эле вирустун канчалаган түрлөрү бар, алардын ар бири адамга жугуу жолдоруна жараша өсүп-өөрчүп, көбөйүп ар кандай ооруну пайда кылат. Ал ар бир адамдын иммундук системасынан жана организмдин туруктуулук(резистентность) жана реактивдүүлүгүнө көз каранды.
    Корона ( таажы)вирусу башкалардан айырмаланып, дем алуу тутумун жабыркатып, өпкөнүн сезгенүүсүнө (пневмония) алып келет.  Бул деген эмне?  Аба жетишпей, чыйрыгып, дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, интоксикациялык абал менен коштолот.  Бул сыяктуу клиникалык белгилер ар биринде эле боло бербейт, ар бир адам өзүнүн  иммундук системасынын жооп беришине жараша жана анын абалына карата вируска каршы турат.  Ошондой болсо да дем алуу жана жүрөк  кан тамыр тутумунда өнөкөт оорусу барлар үчүн вирус жуктуруп алуу өтө кооптуу! Тилекке каршы, бейтаптардын арасында каза таап калгандары да болуп жатат. 
 
  • Медицина тармагына келип калууңдун себеби? 
  • Кыргыз-Орус Славян Университенин медициналык факультетин аяктап, Москвадагы Россиянын Эл Достугу Университетинин(РУДН) Медициналык институтунда кардиология жана функционалдык дарт аныктоо адистиги боюнча ординатура өтүп жатам.  Медицина тармагына келип калуу оңойго турган жок, баарына маалым богондой медицина бул оңой кесип эмес. Бул убакыт, аны менен кошо түйшүк, уйкусуз түндөр жана талыкпас мээнет, умтулууну талап кылган өзгөчө кесип. Чон атам, апам, бир тууган эжем медицина кызматкерлери. Мына ушул инсандардын таасири аркылуу улуу кесиптин чоң агымына мен да кошулдум. Азыркы учурда Москва шаарындагы В.В. Виноградов атындагы №64-шаардык клиникалык ооруканасында дарыгер болуп иштеп жатам.

     
  •  Кыргыз элиңе кайрылууң? Азыр бизде көп тармак иштеп, эл көчөлөй баштады...
  •  Ар бир мамлекеттин бүтүндүгү, бакубаттуулугу жана келечеги- анын жарандарынын саламаттыгына байланыштуу!
    Ар бириңиздер санитардык гигиеналык эрежелерди так сактап, социалдык аралыкты бекем кармап, медицина адистеринин кеңешин аткарып, тартипке бекем болсоңуздар бул кыйын кырдаалдан биримдикте чогуу чыгабыз деген ойдомун! Жалпыныздарга бекем ден соолук, мамлекетибизге тынчтык, элибизге ынтымак каалайм.
  • Маек курган Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter