200 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү
- 15.08.2020, 17:37,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 15-августта 200 медицина кызматкери эс алып, ден соолугун чыңдоо үчүн Ысык-Көлгө жөнөтүлдү. Жөнөтүлгөн медкызматкерлердин арасында Ош, Талас облусунда жана Бишкек шаарында илдеттин очогунда иштеген дарыгерлер, медайымдар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматынын айдоочулары бар.
Бүгүн жөнөп кеткен дарыгерлер Ысык-Көлдөгү “Эне Сай” пансионатында 7 күн эс алып, ден соолугун чыӊдашат. Алардын чыгымдарын эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду каржылай турган болду.
Буга чейин 450дөн ашуун медкызматкерлер Ысык-Көлдө эс алып келишкен.