Алишер Абдрахманов Баткен облусунун жетекчиси болуп дайындалды
- 18.02.2020, 12:56,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тиешелүү буйрукка 18-февралда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Жаңы дайындалган өкүл 58 жашта. Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Юрист. Негизинен ички иштер тармагында иштеген. 2001-2002-жылдары Баткен облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган.
2012-2013-жылдары Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматынын Баткен облустук башкармалыгын жетектеген.
2015-жылы «Республика» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
Баткен облусунун жетекчисинин орун басары да болуп эмгектенген.