У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга көтөрүлдү


Кыргызстанда музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

"Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин ишине эмгек акы шарттарын жакшыртуу максатында Кыргызстанда музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга көтөрүлгөндү. Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча министрликтин карамагындагы бардык республикалык бюджеттен каржыланган музей кызматкерлеринин эмгек акысын 1,8 коэффициентке көтөргөндө, бир жылга 15 480 000 сом керектелет. Бул эмгек акыларын көбөйтүү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2020-жылга каралган бюджетинин чегинде ишке ашырылды", - дейт маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter