У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызыл зонада иштеген 54 дарыгер эс алууга Ысык-Көлгө жөнөп кетишти


Оорунун очогунда иштеп, COVID-19 жана пневмония менен ооруп айыккан медицина кызматкерлеринин ден соолугун калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 4-августта эртең менен Бишкек шаарынан Ысык-Көлдөгү «Дилорам» пансионатына 54 медицина кызматкери жөнөтүлдү.

«Бул топко Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун, №4, 13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, Улуттук госпиталдын, №2 төрөт үйдүн, Улуттук онкология жана гематология борборунун, балдар ооруканасынын кызматкерлери кирген», - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter