У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ӨКМ: "Суугу чөккөндөр көп катталууда. 1 күндө 3 адам сууга чөктү"


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертүүсүнө карабай күн ысыгандан тарта сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин жогорулады. Алсак, кечээ 3-июнда эле өлкөдө үч адам сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу 4-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунун Манас районунда Чеч-Дөбө айылынын “Саратай” көлүнө 18 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Окуя 3-июнда түштөн кийин болгон.
Нарын облусунда Жумгал районунун Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 15 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кетти.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 69 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, милицияга өткөрүп беришти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter