У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


15 жашар бала туулган күнүн белгилейм деп сууга чөгүп каза болду


Кемин районунун Жел-Арык айылындагы көлмөгө 15 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Ал каза болоор күнү туулган күнүн белгилейм деп көлмөгө барган.  Бул тууралуу бүгүн, 10-августта ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Баланын сөөгүн издөө иштерине 4 куткаруучу тартылган. Алар баланын жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Окуянын күбөлөрү бала 15 жашка толуп, туулган кунүн майрамдоо үчүн көлмөгө барганын айтышат:

«Бул илгери пайда болгон көлмө. Сугатка пайдаланылган каналдын бир жеринен буруп, көлмө кылып жасап коюшкан. Өзү кичинекей эле көлмө. Ошонун ортосунда бир-эки жеринде чуңкур бар. Маркум бала ошол жерге жеткенде чөгүп кетиптир.
Ошол күнү баланын туулган күнү болчу экен. Анан дос балдары менен туулган күндү белгилейм дегенде, атасы ушул көлмө жактан эс алгыла деп алып келиптир. Эми ажал да. Алар көлмөгө келгенде түш болуп калган экен. Чөгүп кеткенден кийин достору таппай, куткаруучуларды чакыртышты. Алар 3-4 саат изд
еп, маркумдун денесин алып чыгып беришти», - дешти күбөлөр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter