У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ак-Буура дарыясына агып кеткен индиялык студенттин сөөгү табылды


Ош шаарында Ак-Буура дарыясына агып кеткен индиялык студенттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.

Анын айтымында, четөлкөлүк студент дарыяга 29-майга караган түнү саат 3:00дөр чамасында агып кеткен. Издөө иштеринен кийин студенттин сөөгү эртең мененки саат 9:30да Абсамат Масалиев атындагы эстеликтин тушунан табылган.

Индиялык студент Оштогу медициналык окуу жайда 3-курста билим алчу. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. 

Күбөлөрдүн айтымында, индиялык студент сууга мас абалында түшкөн. Ал медициналык окуу жайда 3-курста окуп, Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү батирде жашап келгени маалым болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter