У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ГЭС-5 көлмөсүнө 19 жаштагы жаран чөгүп кетти


Күн ысый баштаганы сууга түшкөндөр арбын. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сак болууну өтунгөнүн карабай кырсыктар каттала баштады. Тилекке каршы Бишкектен анча алыс эмес ГЭС-5 көлмөсүнө 19 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. “Аламүдүн районунун ГЭС-5 айылында жайгашкан көлмөгө эркек киши чөгүп кетти деген маалымат 14:19да келип түшкөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жеринде издөө иштери жүргүзүлүп, саат 15:00 чамасында 2001-жылы туулган жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter