Кытай COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны сатыкка чыгарат
- 19.08.2020, 12:44,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кытай коронавирус илдетине каршы өзүнүн вакцинасын сатыкка чыгарат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, коронавирус каршы Sinopharm деп аталган вакцина ушул жылдын декабрь айында сатыкка чыгат. Анын баасы 150 доллардын тегереги болору айтылды.
Вакцинаны биринчи жолу сайдырганда адамда вируска каршы 97 пайыз антитела иштелип чыгат, ал эми 100 пайыз антитела вакцинаны экинчи жолу сайдырганда гана иштелип чыгарын эксперттер айтышууда.