Франциялык дарыгерлер вирустун вакцинасын африкалыктарга колдонуп көрүүнү сунуштады
- 06.04.2020, 10:54,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Француз дарыгерлери COVID-19 вирусун токтотуу тууралуу түз эфирде талкуу жүрүп жатканда аталган вирустун вакцинасы жок болгондугуна байланыштуу туберкулездун оор формасынын вакцинасын африкалыктарга колдонуп көрүш керектигин сунушташты. Аталган илдеттин вакцинасы адамды COVID-19 вирусунан 100% коргой алат экени илимий далилдене элек. Ошого байланыштуу вакцинанын күчүн текшериш үчүн адамдарга колдонуп көрүү керек.
Дарыгердин айтымында Африкада азырынча вирустан коргой ала тургандай медицина жана коргонуучу жабдыктары жок. "
Ал жакта массалык дарылоого шарт жок. Вакцинаны текшерип көрүү керек, эгер COVID-19 вирусу вакцинадан кийин элге жукпаса, дүйнө элине колдонобуз", - дейт дарыгер.
Бирок дарыгерлердин мындай сунушун франциялыктар жактырган жок. Социалдык тармактын колдонуучулары учурда катуу талкууга алып, "Африка сенин оюн аянтчаң эмес, Африкадан колуңду тарт" деген пикирлерин калтырып жатышат.