COVID-19 вирусуна каршы массалык эмдөө 2021-жылдын ортосунда башталышы мүмкүн
- 21.07.2020, 20:48,
- Башкы / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
2021-жылдын ортосунан тартып COVID-19 вирусуна каршы массалык эмдөө башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун орун басары Сумия Сваминатандын билдирүүсүнө таянып чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, учурда коронавирус илдетине каршы 20 вакцина клиникалык изилдөөдөн өтүүдө. Алардын ичинен вирусту жок кыла турган вакцина табылат деп адистер үмүт кылышууда. Изилдөөнүн жыйынтыгы 2021-жылдын башында даяр болушу мүмкүн.
«Коронавируска каршы кандын курамында пайда болгон антитела бир нече жуманын ичинде жок болуп кетип жатат. Андыктан адамда бул вируска каршы иммунитет пайда болот дегенге далил жок. COVID-19 вирусуна каршы клеткалык иммунитет механизми дагы деле толук изилдене элек»,-деди ал.
ДСУнун айтканына караганда, биринчи кезекте вирус каршы эмдөөнү пандемия менен күрөшүүдө алдыӊк катарда тургандар, ошондой эле карыгандар, өнөкөт оорусу барлар алышы керек.