АКШда коронавируска каршы вакцина адамдарга ийгиликтүү колдонулду
- 19.05.2020, 13:36,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
АКШдагы биотехнологиялык Moderna компаниясы коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгып, адамдарга колдонуп көрдү. Сыноонун биринчи фазасы ийгиликтүү аяктаганын РИА Новости жазып чыкты.
Препаратты ыктыярчыларга тестирлөө апрель айында башталган.
Маалыматка караганда, mRNA-1273 вакцинасын алган адамдардын канындагы антителолор COVID-19 жугузуп алып сакайган кишилердики менен теңелип же андан дагы көп болуп калган.
"Алгачкы этабында препарат өзүнүн коопсуз экенин көрсөттү. Аны акыркы этапта сыноо июль айында башталат", — деп айтылат маалыматта.