У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эпидемиолог: Коронавирус менен ооруп айыккан адамда иммунитет пайда болот

Коронавирус илдети менен ооруп айыккан адамда иммунитет пайда болот. Иммунитет аз дегенде 6 ай организминде сакталат. Бул тууралуу Швециянын башкы эпидемиологу Андерс Тегнелл чет өлкөлүк маалымат каражаттарына билдирди. 
 
Анын айтымында, иммунитет пайда болгон адамдарда кайра вирус жуктуруп алуу жана вирусту башкаларга жуктуруу мүмкүнчүлүгү төмөн болот.  Себеби коронавирус илдети менен ооруп айыккандардын канында вируска каршы антитела жетиштүү иштелип чыкпаса да, организмде инфекцияга жооп бере турган коргоочу иммунитеттин бир канча формасы пайда болот. 
 
«Биз COVID-19 вирусу менен экинчи жолу ооруп калган учурларды текшербейбиз. Анткени вируска каршы антитела пайда болбосо да вирус жуктуруп алган адамда иммунитет пайда болду деп эсептейбиз»-дейт адис. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter