У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавируска каршы 70ге жакын вакцина иштелип жатат. Качан жапырт колдонууга берилет?



Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бай-кедей дебей бардык мамлекеттерди чекесинен каптап бара жаткан кара тумоого каршы дүйнө боюнча жалпысынан 70ке жакын вакцина иштелип жатканы маалым болду.  Жакында эле Германия коронавируска каршы вакцинаны каалоочуларга сынай баштаганын билдирген.  АКШ менен Кытай биринчилерден болуп препараттарды адамга сынап көрүшкөнүн кабарлашкан.

Ал эми Улуу Британияда Оксфорд университети коронавируска каршы иштеп чыккан вакцинаны каалоочуларга клиникалык сыноону баштады. Ага өлкөнүн бир нече шаарынан миңден ашык киши катышат. Алардын экөөнө инъекция жасалды. Бир шприцте коронавируска каршы вакцина, ал эми экинчисинде менингитке каршы вакцина бар болчу. Окумуштуулар препарат ден соолукка зыян келтирбейби жана COVID-19 вирусуна каршы иммунитетти пайда кыла алабы ушуну билүүнү максат кылып жатышат.

Адистер дүйнөдөгү ондогон мыкты лабороториялардын колунан жаралып жаткан вакциналар даяр болгон соң, эң таасирдүүлөрү тандалып алынгандан кийин жапырт колдонуу башталаарын айтышууда. Ал  2021-жылдын башына туура келет деп божомолдоп жатышат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter