Дагы үч медицина кызматкери вирус жуктуруп алды
- 09.06.2020, 12:10,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 3 медицина кызматкери вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында билдиришти.
Алар: Ош шаарында-1, Ош облусунда-1, Ысык-Көл облусунда-1 дарыгер.
Штабдын маалыматына ылайык, илдетке чалдыккан медицина кызматкерлери ооруканага жаткырылып, дарыланууда. Ал эми 9-июнда 11 медкызматкер айыгып чыкты.
Өлкө боюнча коронавирус инфекциясы жалпы 403 дарыгерден аныкталган. Алардын ичинен 293 медкызамткер айыгып чыкты.