У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


20-майда 9 дарыгерден вирус табылды. Баары Нарындыктар...


20-майга карата Кыргызстанда дагы тогуз медицина кызматкеринен коронавирус табылды, алардын баары Нарын облусунда. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө анализинен вирус табылган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 266га жетти, алардын 221и сакайып чыкты (алтоо соңку суткада).

Буга чейин Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы көз жарган келинден кызматкерлеринен коронавирус табылганы айтылган. Алгачкы жолу Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылганда Саламаттык сактоо министрлиги буга «коргонуу чаралары сакталбаганы, этибар албаган мамиле» себеп болгонун билдирген.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter