Вирус жуктурган медицина кызматкерлери 11ге көбөйдү
- 06.06.2020, 10:25,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өлкөдө дагы 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар:
Бишкек шаары – 2;
Чүй облусунда – 1;
Ош шаары – 7;
Нарын облусунда – 1.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медициналык кызматкерлердин саны 389. Алардын ичинен 273 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.