Тилекке каршы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургунунан коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде республикалык ыкчам штаб билдирди. Вирус адамдын денесинде 14-28 күн эч кандай белги бербей жашайт деген маалыматка карабай, вирус жуктурган жаран Индиядан келсе да обсервацияда болгону 3 гана күн жатып, экспресс анализи таза делип, үйүнө жиберилген.
Коронавирус аныкталган адам 1964-жылы туулган. Ал 22-март күнү Дели—Бишкек авиакаттамы менен Кыргызстанга учуп келген. Аэропорттон 3 күндүк обсервацияга алынып, алгачкы анализинен коронавирус аныкталган эмес. Обсервациядан чыккан күнү Ак-Суу районуна сапар алган. Алгач Балыкчы шаарына такси менен жетип, андан ары кичи автобуска отурган. Кичи автобус менен Каракол шаарына чейин жетип, андан ары Ак-Суу районуна такси менен барган.
«30-мартта саат 18:00дө райондогу обсервацияга жаткырылып, анализ алынган. Учурда дагы анализ алынып, Бишкек шаарына жөнөтүлүүдө», - деп билдиришти дарыгерлер. Коронавирус аныкталган тургун учурда жалгыз жашайт. Уулу Россияда, жубайы Түркияда эмгектенет. Бейтап Түп жана Каракол шаарында коронавирус аныкталган адамдар менен бирге Индиядан дааваттан келген.
Ак-Сууга жеткиче канча адамга жугузду бир кудайга маалым...