Сүйүнчү! Ысык-Көл областы коронавирустан арылды...
- 04.06.2020, 10:52,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык Көл областы коронавирустан толугу менен арылды. Тактап айтканда Балыкчы шаарында коронавирус жуккан акыркы бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
⠀
25 жаштагы жергиликтүү тургун 4-май күнү Москвадан келген. Андан биринчи жолу экспресс тест алынганда анын жыйынтыгы оору жок экенин көрсөткөн. Бирок кийинчерээк жасалган ПЧР анализдин жыйынтыгы оору бар экенин көрсөтүп, ага байланыштуу 20-май күнү ал бейтап обсервациядан Балыкчыдагы шаардык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган.
⠀
“Бүгүн кайра алынган ПЧР анализдин жыйынтыгы таза чыгып, Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык ал жаран үй карантинине жөнөтүлдү”, — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
⠀
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда жалпы 14 бейтап коронавирус жуктурган. Учурда алардын баары айыгып, үйүнө чыгарылды.