Сутка ичинде өлкөдө 14 дарыгер вирус жуктурса, 12си Нарындан
- 30.05.2020, 10:46,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда акыркы суткада 14 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, бир суткада коронавирус жуктурган медиктердин көбү Нарындан. Аталган аймакта 12 дарыгерден вирус чыккан. Ал эми экөө Бишкек шаарынан экени айтылды.
Жалпы жонунан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 344 учур катталды. 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.