У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Биринчи анализи таза чыкты деп үйлөргө коё бергенден улам вирус ылдам жайылууда



Вирус өлкөдө көп жайылганын бирден бир себеби, бейтаптардын биринчи анализи таза чыкты деп үйлөрүнө коё берилгендигинде болуп жатканы практикада бир канча жолу тастыкталды. Вирус адамдын денесинде 14 күндөн 28 күнгө чейин эч кандай белги бербей жашай берет деген маалымат канчадан бери айтылып жатса да агачкы анализи таза делип, үйлөрүнө баргандардын көбү бир канча күндөн соң ооруканага үй-бүлө мүчөлөрүн кошо ала келип жатышат.

Мындай учур бүгүн да катталды. Тактап айтканда Нарын областында жаңыдан вирус жуктурду делген жаран алгачкы анализи таза деп чыгып, үйүнө жиберилген. Бир канча күндөн кийин дене табы көтөрүлүп, кайрадан анализ алынганда жаман вирус жуктурганы маалым болгон. Таза экенмин деп ойлогон жаран обсервацияда жатканда үйүнө барып келгенин да айтылууда. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча облустук штабдын мүчөсү Динара Жунусова бейтап үйүнө барган кезде анализи таза чыкканын билдирген. 

Жунусованын айтымында, бейтап 22-мартта Казакстандан Нарынга келген. Дене табы жогору болуп, обсервацияга жаткырылган. Андан экспресс-анализ алганда таза чыккан. Ушундан улам ал 3-апрелде ооруканадан чыгарылган.

«Бирок Бишкекке жиберилген экинчи анализинин жыйынтыгы келгенде бул бейтап коронавирус жугузганы аныкталды. Азыр ооруканага кайра жаткырылган. Дарыланып жатат. Эми үчүнчү анализинин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Балким анысы таза болуп калат», -дейт ал.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча сөз болуп жаткан бейтап — коронавирус илдети аныкталган Нарын облусундагы бешинчи адам.

Ал эми бейтап өзү Казакстандан келгенден кийин Нарындан алгачкы болуп коронавирус табылган, Пакистандан дааваттан келген киши менен бир палатага чогуу жатканын айтууда. Ал дарыгерлер «анализиң таза экен» деп ооруканадан чыгарган күнү үй-бүлөсүнө, тактап айтканда аялы менен эки кичинекей баласынын жанында бир күн болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter