У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Соль-Илецктен келген 421 киши үй карантинине кое берилди...Вирус 14-28 күндө араң билинет деген маалымат төгүнгө чыктыбы?


Соль-Илецктен келгенине 10 күн боло электе ызы-чуу кылып, дарыгерлерге кол салганга чейин барган мекендештер үй карантинине чыгарылды. 

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Семетей» обсервациясында жаткан жарандардын 18-майда кайталап алынган анализдери таза чыккандан кийин үй карантинине кое берилди.

Тактап айтканда 7-майда Соль-Илецкиден Казакстан аркылуу автобус менен Бишкекке 541 кыргыз жараны жеткирилген. Ошондон бери алардын арасынан 98инен коронавирус табылган. Алардан экинчи ирет ПЧР анализ алынып, 421 кишиден коронавирус табылган жок. Алар эксперттик комиссиянын чечими күтпөстөн чыр салышкан. 18-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев алар менен жолугушуп үй карантининин талаптары тууралуу айтып берди.

Экинчи ирет алынган ПЧР анализдин жыйынтыгында жаңы аныкталган 43 учур менен жакын байланышта болгон 19 адам обсервацияга калтырылды. Штабдын маалыматына ылайык, учурда обсервациядагы абал туруктуу, медицина кызматкерлери штаттык тартипте иштеп жатат.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter