28-майда 74 адамдан вирус табылды, 23 бейтап айыкты
- 28.05.2020, 10:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 74 адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталды, 23 бейтап айыгып үйүнө чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-11, Ош облусунда-4, Ош шаарында-35, Нарын облусунда-13, Чүй облусунда-1, Орусиядан келген курсанттардын арасынан-10 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча 1594 адам вирус жуктуруп алды. Анын ичинен 1066 бейтап айыгып чыкты, 16 адам каза болду.