21-майда 43 адамдан вирус аныкталды, 19 адам айыкты
- 21.05.2020, 10:41,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 43 адам катталды. Бул тууралуу 21-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарында – 22, Нарын облусунда -8, Ош шаарында -5, Ош облусунда-4, Баткен облусунда-2, Чүй облусунда-1 адам.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 19 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус 1313 адамдан табылды, алардын ичинен 14 адам кайтыш болду, 929 бейтап айыгып чыкты.