У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


18-майда вирус 78 адамдан табылды, 23 бейтап айыкты

18-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 78 адаман табылды. Бул тууралуу 18-майда Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
 
Алар: Нарын облусунан – 14, Ош облусунан -6, Ош шаарында -5, Бишкек шаарында -3, Чүй облусунда-3, Жалал-Абад облусунда-1, Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген эмгек мигранттарынан-43 учур. Орусиядан келгендердин үчөө Санкт-Петербургдан окуудан келген курсанттар.
 
Акыркы бир сутка ичинде 23 бейтап айыгып чыкты.
 
Ушул менен жалпысынан  Кыргызстанда коронавирус 1216 адамдан табылып, алардын ичинен 14 адам каза болду, 827 бейтап айыгып чыкты.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter