27-майда 52 адамдан вирус табылды, 28 бейтап айыкты
- 27.05.2020, 10:12,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
27-майда Кыргызстанда 52 адамдан вирус табылды, 28 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-9, Ош облусунда-2,Ош шаарында-7, Нарын облусунда-17, Жалал-Абад облусунда-3, Баткен облусунда-1, Чүй облусунда-3, Орусиядан келгендер-8, Санкт-Петербургдан келген курсанттар-2 учур.
Жалпысынан республика боюнча вирус жуктургандардын саны 1520 адамга жетти. Анын ичинен 1043 бейтап айыгып чыкты, 16 киши каза болду.