19-майда 27 адамдан вирус табылды, 71 бейтап айыкты
- 19.05.2020, 10:29,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
19-майга карата Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 27 адамдын вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарынан-6, Нарын облусунан-11, Ош облусунан -6, Санкт -Петербургдан келгендерден-1, Соль-Илецктен келгендердин арасынан -3 учур.
Бир сутка ичинде 71 бейтап айыгып үйүнө чыгарылды.
Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 адам каза болду, 898 бейтап айыгып чыкты.