Каратаев: "Ак-Кыя, Көк-Жар, Баетов айылдарында абал турукташып калды"
- 27.05.2020, 13:33,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-майда Жогорку Кеңеште Ак-Кыя, Көк-Жар, Баетов айылдарын курчоого алып, байланышта болгондордун баары изоляция кылынган соң абал турукташып калганын кабарлады.
“
Нарын шаарында коронавирус облустук ооруканада, төрөт үйүндө тарап, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен вирус көп аныкталды. Нарын облусунун Ат-Башы районуна, Нарын шаарына коронавирус жаңы аныкталган учурда эле коргонуучу каражаттар жетиштүү берилген. Ошого карабай оорунун жайылып кетүүсү боюнча учурда тийиштүү иликтөө жүрүп жатат. Өз убагында чара көрбөгөн жетекчилер жооп беришет”.27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 52 адам жаңы катталды. Анын ичинен 17 адам Нарын облусунда.