У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарындагы төрөт үйүнө вирус кантип кирип, кантип тараганы белигисиз


Нарындагы төрөт үйдө көз жарган аялдардан вирус чыкканы элдин эсин эки кылды. Анткени Нарындын тегерегиндеги айылдар, райондордун элинин жалгыз караган төрөт үйү ушул жай эле. Төрөт үйдөгү вируска байланыштуу окуяны иликтөө үчүн комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын башында саламаттык сактоо министринин дагы бир орун басары Мадамин Каратаев менен Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова турат. Алар учурда Нарында.

"Азыр Нарын облусунда эмне болуп жатат деген суроолор көп болууда, анын ичинде төрөт бөлүмдөрү бар. Акыркы күндөрү эпидемиологиялык абал жакшы эмес. Учурда төрөт бөлүмдөрүнө вирус кантип кирип, кантип тараганы боюнча маселени комиссия иликтеп жатат. Себептери аныкталгандан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынат", — деди Үсөнбаев.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter