У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ак-Кыя айылында кош бойлуу келинден вирус табылды. Байланышкандар көп...


Нарындагы төрөтканадан чыккан вирус Ак-Талаа районунун аралап кетти...Тилекке каршы аталган төрөтканада жаткан келиндин жанында Ак-Талаа районунун Баетов жана Ак-Кыя айылдарынын да келиндери жаткан. Ак-Кыялык келин боюнан козголгондуктан аталган төрөтканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатып, вирус чыккандан кийин айылына кеткен. Айылында бир аз күн болгон соң кайрадан боюнан козголгондугуна байланыштуу айылдагы медайымдын коштоосунда айылдык бир адамдын жеткирип кой деп өтүнүшүп, тезинен кайрадан төрөтканага жөнөшкөн.

Алар менен чогуу Нарын шаарындагы дагы бир башка ооруканага айылдан ооруп жаткан үй-бүлө дарыланууга кошо барышкан. Келин Нарындагы төрөтканага барганда анализ алынып, коронавирус жуктурганы аныкталган. Мындан улам айылда кимдер менен байланышканы иликтенип, учурда айылга өзгөчө абал жарыяланып, дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Тилекке каршы вирус табылган келинди жеткирип баргандар бир топ адам менен байланышып жиберген. Бул тууралуу айыл тургундары маалымдашты. 

Ал эми Ак-Талаа районунун  акими Сейтек Кулубаев маалыматтын чын экенин тастыктады. 
Анын айтымында, 16-майда Ак-Кыя айылынын 6 тургуну жана Баетов айылынын 3 жашоочусунан коронавирус илдети табылган.
"Учурда алар райондук ооруканын атайын бөлүмүндө жатышат. ӨКМнын аймактык бөлүмү аркылуу райондо дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү. Алар менен байланышта болгондорду аныктоо жүрүп жатат”,-дейт аким.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter