У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ак-Талаадагы жаңы төрөгөн келин наристеси экөө коронавирусту Нарындагы төрөт үйүнөн жуктурушкан


Ак-Талаа району Нарын облусу боюнча таза район деп болгон аракет менен сактанып жаткан элдин санаасы сан болууда. Себеби бүгүн, 15-майда Ак-Талаа районунда алгачкы вирус жуктурган жаран катталды.

Тилекке каршы вирус жуктурган жаран жаңы эле көз жарган келин болуп чыкты. Ал апаат илдетти Нарындагы төрөт үйүнөн жуктуруп алыптыр дешет айылдаштары. Алардын айтымында келин кесарево жолу менен Нарындагы төрөт үйүндө көз жарган.

 Үйүнө чыгып келгенде наристесинин дене табы көтөрүлгөндүктөн дарыгерлер анализ алганда, эне-баладан бирдей жаман вирус аныкталган. Эне-балага бекем ден соолук каалайлы, тезирээк сакайып кетишсин...

Негизи Ак-Талаа районунун борбору болгон  Баевтовдо атам замандан бери эле иштеп келген төрөт үйү белгисиз себептер менен мындан 3-4 жыл мурда жабылып, ишин токтотуп койгон. Ошол учурда Баетовго барып төрөп жүргөн келиндин бардыгы Нарынга каттай башташкан.

Нарындагы төрөт үйү ошончо айылдын элин тейлеп жетише албагандыктан, Баевтовдогу төрөт үйү кайрадан ачылгандыгы маалым болгон. Бирок эл баштагыдай Баетовго агылып барбагандыгын, ал жакта тейлөө начар болгондуктан жолдун алыстыгына карабай Нарын шаарына барышаарын жергиликтүү калк көптөн бери айтып келет. Эмне себептен өздөрүндө килейген төрөт үйү туруп элди Нарынга жиберишет? Эмнеге тейлөө сапаты начарлап кеткен? Бул суроого жооп алуу үчүн тиешелүү кызматтагыларга байланышуу мүмкүн болгон жок. Бирок дагы иликтенет...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter