Коомдук транспорттор 25-майдан тартып жүргүзүлөт
- 19.05.2020, 15:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.
«Коомдук транспорттордун иши 25-майдан тартып жанданат. Ишке чыккан транспорттордун айдоочулары жана жүргүнчүлөр да санитардык талаптарды сактоого тийиштүү. Коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдүн саны чектелет, аралыктар сакталат»,- деди Боронов.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коомдук транспорттордун ишке качан чыгары 20-майдан кийин каралат деп айткан.