У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Санитардык талаптарды аткарбаган чач тарачтарга жана таксисттерге айып пул салынат



«Көп жарандарыбыз этаптык экономикалык жандандыруу иштерин өз билгендей түшүнүп алышып, шаарга ээн-эркин чыгып алышты»-деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев.
 
«Иштөөгө руксат берлиген такси компаниялардын атына жашырынып алышып жеке такси айтоочулар да иштеп жатышат. Бирок алар  санитардык талаптарды сактабай иш алып барышууда. Таксинин айдоочулары бет кап тагынбайт, руксат кагазы, патенти жок киши ташууда. Санитардык эрежелерди бузуу менен коронавирус инфекциясынын жайылуусуна шарт түзүшү мүмкүн»,-дейт Орозалиев.
 
Ошондой эле айрым чач тарачтар, сулуулук салонунда иштегендер да бет кап тагынбай иштеп жатканын, санитардык- эпидемиологиялык талаптарды бузгандарга жоопкерчилик каралганын кошумчалады.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter