Коомдук транспорттор качан жүрөрү 20-май чечилет
- 11.05.2020, 15:17,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.
«Коомдук транспорттор качан ишке чыгары азырынча тактала элек. Эпидемиологиялык абалга карайбыз. Бул суроо 20-майда республикалык штабда каралат»,- деди мэр.
Эске салсак, коомдук транспорттор 11-майдан тартып жүрө баштамак, 10-майда коомдук транспорттор жүрбөй турганы мэрия тарабынан айтылган. Буга оорунун күч алып жатканы себеп болгон.