У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


COVID-19 күч алууда. Ишке чыккан коомдук транспорттор кандай тартипте иштеши керек?


Саламаттык сактоо министрлиги 11-майдан тарта ишке чыгуучу коомдук транспорттор кандай шартта иштеши керек экендигин тастыктаган атайын жобо иштеп чыгып, таратты.

Ага ылайык, автобус, троллейбустардын айдоочулары салонго унаадагы отургучтардын эсебинен 60-70% гана жүргүнчү салууга тийиш. Ар бир каттам аяктаган сайын салонду дезинфекциялап, унаанын ичин желдетип туруу зарыл. Салонго кире беришке санитайзер коюлушу керек.

Ал эми жүргүнчүлөр коомдук транспортко беткапсыз түшүүгө тыюу салынат. Жол кире «Тулпар» картасы аркылуу гана төлөнөт. Жүргүнчүлөр бири-биринен алыс, салондо шахмат тартибинде орун алууга милдеттүү. Жүргүнчүлөргө айдоочунун айтканын угуп, салон толуп калса, кийинки транспортту күтүү милдеттендирилген.

Өкмөттүн чечими менен 11-майдан тартып коомдук муниципалдык транспорт ишин жандантат. Өзгөчө кырдаал шартында коомдук транспортто: автобустарда жана троллейбустарда эл ташууга жана жүрүүгө өкмөт тараптан да бир топ талаптар коюлган. Ага ылайык, жүргүнчүлөр баары беткап, мээлей кийип, антисептик каражаттар менен жүрүүгө тийиш.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter