У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Санитардык талаптарды аткарбаган ишканалар кайра жабылат


2020-жылдын 1-майынан тарта айрым кызмат көрсөтүүчү ишканалар ишин жандантышкан. Бирок аларга санитардык эрежелерди сакташы керек экендиги бир нече жолу эскертилген. Ошого карабай талаптарга жооп бербей, эрежени сактабай иштеп жаткандар арбын. Буга 
Ошто 1-майдан тарта ишин жанданткан 53 ишкана санитардык-карантиндик талаптарды толук аткарбаганы үчүн кайрадан жабылгандыгын мисал кылууга болот. 

Эске салалы, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, аймактык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, райондук милиция жана комендатуранын кызматкерлери  Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда иштеп баштаган ишканаларга санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүшкөн.

Анда 53 ишкана санитардык  эрежелерди сактабаганы, кызматкерлери милдеттүү медициналык кароодон өтпөгөнү жана өздүк коргонуучу каражаттардын (бет кап, кол кап, антисептик, кол жуугуч, залалсыздандыруу каражаттары, термометр) жоктугуна байланыштуу ишмердүүлүгү токтотулду. Мындан сырткары 10 ишканага оозеки эскертүү берилип, 3 касапкана жабылган.

Ошондой эле өлкөдө  талаптарды аткарбаган жалпы ишканалар жабылаары айтылды. Мындан сырткары чачтарачтар, сулуулук салондору чач кыркуу үчүн гана ачылгандыгы да эскертилди. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter