У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан качан кадимки турмушка кайтат? Министрликтин жообу...



Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими качан алынып, коомдун кадимки жай турмушка кайтып келүүсү кайсы учурга барып калаары азырынча белгисиз. 13-майда онлайн брифингде «Өзгөчө кырдаалды алуунун болжолдуу мөөнөтү барбы?» деген суроого саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев:

«Божомол кыска болгону оң. Анткени жакын арадагы абалды эске алып, ошого жараша айткан туура. Узак мөөнөткө божомолдоо өтө кыйын нерсе. Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал туруктуу болуп жатканын сактап калсак, ооругандар жана жугузгандар бара-бара азайса гана өзгөчө кырдаал режимин жумшартуу же алып салуу тууралуу сөз кылсак болот» деп жооп берди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter