У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эл аралык театр күнү кут болсун! «Эргүү» улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземи белгисиз мөөнөткө жылдырылды



Бүгүн, 27-март Эл аралык театр күнү! Өлкөбүздөгү жалпы театр кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! 
Жыл сайын бул күнү кыргыз театрларында өткөн жылы коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктылары тандалып алынып, «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылчу. Быйыл да дал ушул күнгө сыйлыктар өз ээлерине тапшырылмак. Тилекке каршы өлкөдөгү кооптуу кырдаалга байланыштуу аталган салтанаттуу иш-чара да белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан театр ишмерлер союзунун Президенти Жаныш Кулмамбетов кабарлады. Анын айтымында жыл сайын тапшырылып келген сыйлык быйыл да ушул күнү тапшырылмак. 

""Эргүү" улуттук театр сыйлыгы адаттагыдай эле ушул күнү тапшырылмак. Бардык талапкерлер өз иштерин алдын ала бизге жөнөтүп, жыйынтык чыгып калган. Бирок өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу салтанаттуу иш-чарабыз белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Качан, кайсы күнү тапшырылаары тууралуу алдын ала маалымдайбыз", - деди Жаныш Осмонович. 

Эске салсак, бул датаны майрамдоо боюнча токтом 1961-жылы Париждеги Улуттук Театрдын ачылыш аземине байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү сахна адамдары, анын ичинде Кыргызстанда да 1962-жылдан баштап, 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter