У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат




Бишкек, Ош, Нарын областынын Ат-Башы районунда, Жалал-Абад шаарларында 2020-жылдын 10-майына чейин өзгөчө абал мөөнөтү узартылат. 

Мындай чечимди президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелдеги Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл  алды. 

«Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат», — деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Вирусту жайылтпоо жана ооруну жеӊүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абалдыузартуу максатка ылайык экендигин белгилешти.

Жыйында президент: «Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши сунуш кылган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантышы зарыл. Планга өзгөртүү киргизгенде комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдик берүүгө тиешелүү сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», - деп баса белгиледи.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter