У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент «өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узарат» деп билдирди…


Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө өзгөчө кырдаал режими сакталып, мөөнөтү дагы узартылары 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктоо сөзүндө жазылган.

Анда азыркы учурда бир тарапта коронавирус илдетинин кесепеттери, экинчи жагында экономикага тескери таасир этчү коркунучтар тууралуу айтылат.

Жээнбеков дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кырсыктан элди аман-эсен алып чыгуу үчүн болгон күч-аракет жумшалып жатканын белгилеп, илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилгенин эске салды.

Президент өз сөзүндө:"Эми экономикабызды жандандыруу үчүн ишкерликтин айрым багыттарына уруксат берилди. Алар өз жумушун кайрадан баштады. Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнес ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз. Бирок адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат. Ошондуктан жалпы республика аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат. Өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат", — деп билдирди. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter