У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бийлик мигранттардын үнүн укту. Апрель, май айларында 2000дей кыргызстандык мекенине кайтат



Дүйнө жүзүндөгү оор кырдаалга байланыштуу мекенине кайта албай чет жакта калып калган мекендештер Кыргызстанга алынып келет. Үстүбүздөгү жылдын апрель жана май айларында өзгө жерде жашап, иштеп жүргөн 2000дей кыргызстандыктарды алып келүү үчүн автобустар жөнөтүлдү. Бул тууралуу 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Новосибирскиде консул биздин адамдарга атайын барып, алар менен жолугуп жатат. Жакын арада каалоочуларды алып келүү маселеси чечилет. Пландалып, жогорку деңгээлде чечилди. Кээ бир жактарга автобустар жөнөтүлдү. Эки миңдей мекендешибиз апрель, майда өлкөгө алынып келет» дейт Үсөнбаев.

Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктардын маселеси 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter