Тажикстанда соттолгон бир кыргыз жараны каза болду
- 14.01.2022, 17:31,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тажикстандын түрмөсүндө жаткан кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каза тапкан жаран 1953-жылы туулган. Ал чек арадан «мыйзамсыз өткөн» деген айып менен эки жылга соттолуп, №6 абакта жаткан. Кыргызстандык жарандын өлүмүнүн себебин калыс, адилет иликтөөнү өтүнүп Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү.
Президенттин Баткендеги атайын өкүлү Абдикарим Алимбаев ушул тушта Тажикстанда он кыргызстандык жаран кармалып турганын "Азаттыкка" билдирди.