У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстандыктар чек арада казып жаткан окоптор…


Turmush — Кечээ, 11-августта Лейлек районунун Интернационал айылындагы аймактык оорукананын терезесине ок атуу боюнча окуя иликтенип жатат. Бул тууралуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн облус жетекчилигинде күч түзүмдөрү менен биргеликте чукул жыйын уюштурулду. Анда чек арада болуп жаткан кырдаал талкууланып, тапшырмалар коюлду. Интернационал айылындагы оорукананын хирургия бөлүмүнүн терезесине ок атылганды боюнча тиешелүү кызматтар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ага катар эле чек арага жакын жерлерге тажик тарап окопторду казып жаткандыгы маалым болгон. Бул боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

«Мен Тажикстандын Согди облусунун губернатору менен сүйлөштүм. 1-2 күндүн ичинде жолугушуу болот. Анда чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт. Чек арачылар да тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эгерде мындай көрүнүштөр боло берсе дагы чыр-чатак башталып кетиши мүмкүн. Аны алдын алуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болушу керек. Эл арасында ар кандай маалыматтар чыгып жатат. Бирок алардын арасында чындыка дал келгени да бар. Аларды тактап, текшерүү керек», - деди ал.
Жакында эле Максат айылындагы такталбаган аймака тажик тарап дубал курган болчу. Алимбаев учурда ал жумуш токтотулуп, тажик тарапка бул боюнча атайын маалымат берилгенин билдирди. Бул мыйзамсыз курулган дубал бузулуп, мурдагы калыбына келтирилиши керек.

Бүгүн, 12-августта Баткендин Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө аймагында Баткен районунун акими, тиешелүү укук коргоо органдары тажик тараптын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн жолугат.

Ооруканага атылган ок:

Кечээ УКМКнын Чек ара кызматы саат 15:10 чамасында Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тараптан ок атылганы угулганын билдирген. Интернационал айылындагы аймактык оорукананын имаратынын экинчи кабатындагы терезени ок тешип өткөн. Ал жерде 5,45 мм калибриндеги «АК-74» автоматынын огу табылган. Октон жаракат алгандар жана жабыркаган адамдар жок.
Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тажик тарап Интернационал айылына чектеш жайгашкан өздүк курамдын курал-жарагын текшерүүдөн өткөрөөрүн маалымдаган.

Саат 17:00дө Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда тажик тарап өткөргөн текшерүүнүн жыйынтыгында Тажикстандын чек арачылары курал колдонушпаганын билдиришкен. Ошону менен бирге ок кокусунан атылганы мүмкүн экенин Тажикстандын чек ара өкүлү белгилеген. Жолугушуунун катышуучулары ар бир тарап окуянын чоо-жайын өз алдынча иликтөөгө алуу чечимин кабыл алышкан.

Аталган окуядан кийин бүгүн, 12-августта Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрү менен чукул жыйын өткөргөн. Анда Лейлек районунда орун алган ок атуу жана чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болору айтылган. Ага катар эле Катта-Туз аймагында Тажикстандын чек арачылары тарабынан казылган окоп боюнча талкуу жүрөрү белгилүү болгон. 

Катта-Туз участогундагы Кыргызстандын аймагында кара май сордургуч кур жана табигий газ алуучу скважина бар.

Булак «Турмуш kg»



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter