У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лейлектеги эки жаранды уурдоого байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жиберди


2021-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Ушул жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Тажикстандын Элчисине Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстан Республикасынын компетенттүү органдарынын Кыргызстандын 2 жаранын урдоого байланыштуу укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча кыргыз тараптын тынчсыздануусу жөнүндө нота берилди.
 
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Н.Ниязалиев чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган мындай иш-аракеттерге жол бербөө зарыл экендигин белгиледи. Кыргыз тарабы болуп өткөн окуянын жагдайларын тактоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө тажик тарапты чакырды.
 
Н.Ниязалиев учурдагы бардык көйгөйлөр ынак коңшулук нугунда диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керектигин баса белгиледи.
 
Кыргыз тарап, мурдагыдай эле, тажик тарап менен биргеликте, чек ара аймактарында Кыргызстан жана Тажикстан боордош элдеринин көп жылдык руханий жана маданий мамилелеринин тарыхына негизделген ынак коңшулукту, туруктуулукту жана достукту камсыздоого багытталган шарттарды түзүүгө даяр экендигин Н.Ниязалиев белгилеп өттү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter