У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстанда Кыргызстандын жети жараны кармалып турат


Тажикстанда Кыргызстандын жети жараны кармалган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, тараптар камактагыларды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
 
«Белгилүү болгондой, чек арадагы кээ бир айылдар бири-бирине жакын жайгашкандыктан, эл чек аранын ошол тарабында болот. Тажикстанда биздин жети жаран кармалды, бизде дагы кармалган тажик жарандары бар. Кыргызстандын эки жараны Тажикстанда чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн соттолгондугу тууралуу маалымат алдык. Аларды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тажик жарандары да биздин мыйзамдардын алкагында жооп беришет. Анан мыйзам жол берсе, аларды Тажикстанга өткөрүп беребиз», - деди Абдикарим Алимбаев.
 
Туугандарынын айтымында, декабрь айынын башында Тажикстанда 24 жаштагы студент Айдарбек Хайдаров менен дагы эки кыргызстандыктын үстүнөн сот жараяны болгон. Айдарбек Хайдаров эки жылга эркинен ажыратылды, Кыргыз Республикасынын башка жарандары дагы кайсы бир  мөөнөткө кесилген.
 
Анда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн бул маалымат тастыкталган эмес. Облустук администрация экинчи жумадан бери тажик тарапка жөнөткөн кайрылуусуна жооп күтүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter