У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке КАЙРЫЛУУ


Урматтуу Басма сөз каражаттарыны өкүлдөрү!
 Биздин үнүбүздү, ыйыбызды коомчулукка, Президентке жеткирип беришиңиздерди өтүнөбүз. Президент 25-декабрда жол кырсыктарыны алдын алуу боюнча тапшырмаларды бердиңиз, биз аны колдойбуз. Бирок кайдыгер сотторду, адилет чечим чыгара албаган соттордун да жоопкерчилигин карап, аларга чара көрүү керектигин миңдеген замандаштарыбыздын атынан кайрылып жатабыз. Кайдыгер айдоочунун азабынан бир тууганыбыз тирүүлой өрттөнүп кетти, Ысык Ата райондук соту айдоочуну үйүнө койо берди. Бишкекте бир кишин сүзүп кетсе эки айга СИЗОго камап жатат. 3 киши тирүүлөй өлдү, эки киши күйүктөн катуу жарат алып оорканадан башы чыкпай журүүдө, жүздөгөн туугандарыбыз катуу стресс алдык. Кудайга эле үнүбүз жете тургандай болду. Эми  сот органдарын колго алып киши өлтүргөн айдоочуну жоопкерчиликтен  бошотуу аракеттери журүүдө. Баардыгы  мыйзам чегинде чечилсин. Сөссүз эле митинг, пикеттерге чыгуу, пресс-конференция бериш керек болсо, ошондон кийин чечиле турган болсо, аны уюштуруу көп убакытты деле талап кылбайт. Укук коргоо органдарынын баарына кайрылдык, бирок биз адамдардын укугун жана эркиндигин, мыйзамдуулуктун туу чокусу ГАРАНТ катары Президентти эсептейбиз. Ошол себептен мамлекет башчысына кайрылып жатабыз.

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Сизге кайрылуубуздун себеби, БИШКЕК-ТОРУГАРТ жолунда чоң кырсык катталгандыгы жалпы республика боюнча резонанс жараткан, бул каргашалуу окуяны  өзүңүз дагы  уксаңыз жана көрсөңүз  керек.
Сиз 25-декабрдагы Коопсуздук  Кеңешинин жыйынында жол коопсуздуган абдан терең анализ жазоо менен бирге анын алдын алуу чараларын көрүүнү жана бул маселени ЖЕКЕ көзөмөлүмө аламын деп баса белгиледиңиз. Бул эң туура сабатсыз айдоочулардын атынан жүздөгөн жарандар жарык дүйнө менен кош айтышып жатышат. Бирок дагы бир маселе бар. Ошол жол кырсыгын жазаган айдоочулардын жоопкерчилигин кароо маселесин да көзөмөлгө алыңыз.. Соттор кайдыгерлик кылып жатат, биз ошону төмөндө белгилейли деп жатабыз. Жогорку сотко, Генералдык прокуратурага барып ушуну көзөмөлгө алып бериңиздер деп арыз бердик, бирок баарына Чүй областтык соту чекит коёт, алардын чечимин үстүртөн гана көзөмөлгө алабыз, деп гана билдиришти. Жогоку сот дагы Генералдык прокуратура дагы Чүй областтык сотуна кысым көрсөтө албастыгын айтышты. БИЗ болсо СОТТОР адилет мамиле жазасын, күнөөлүү айдоочу катуу жаза алсын деген талаптарды койобуз. Эгерде, райондук жана областтык СОТТОРДУН кайдыгер ишин ЖОГОРКУ СОТ көзөмөлдөй албаса, карапайым элдин укугу дагы эле тепселене берсе, анда мамлекетке деги эле ЖОГОРКУ СОТ керекпи?... Демек, соттордун ишин карап, аларды туура жолго койгон, сотторду тизгиндеген, калыс мыйзам керек экен. Болбосо тоок уурдаган 7 жылга соттолсо, үч адам өлтүргөн эркин жүрсө, адилеттүүлүк кайда?.. (Биз муну салыштыруу ирээтинде гана айттык) Үч даамды өлтүргөн, эки адамга катуу жаракат келтирген айдоочу К.Байсееркеевди Ысык-Ата райондук соту бир тууганыбыздын сөөгүн жерге жашыра электе эле камактан чыгарып жиберди. Ошол сотко да катуу жаза берилсин, ошол соттун чечимин Чүй областтык Соту да колдоп бериптир. Бирин бири коргогон соттор МАМЛЕКЕТТИН ДАРАЖАСЫНА ШЕК КЕЛТИРИП ЖАТАТ. Эми учурда анан кылмыш иши тергелип аякталып, сотко жетип калды. Эгерде акыйкат чечим чыгарбаса анда биз да жөн олтуруп калбайбыз, аягы катуу болуп калышы ыктымал экендигин белгилейбиз.
Эми, тактап айтканда, 2021-жылдын 17-ноябрь күнү Ысык-Ата районуна караштуу, Ак-Кудук айылынын тушунда Бишкек-Торугарт (айлампа) жолунун 28 чакырымында айдоочу К.Байсееркеев мамлекеттик белгилери 08 KG 201 AHP Тойота-Ипсум үлгүсүндөгү автоунаа менен саатына 140км ылдамдыкта карама-каршы тилкесине чыгып ал жактан батыш тараптан чыгыш тарапка Бишкек шаарынан Кемин району тарабынан өз жолу келе жаткан УАЗ-3303 үлгүсүндөгү унаасын сүзүп дагы 3 адам өрттөнүп кетти, мындайча айтканда алардын өлүмүнө айдоочу К.Байсееркеев 100 пайыз күнөөлүү бирок ал эркиндикте жүрөт. Ысык Ата райондук соту, Чүй областтык соту аны бошотуп жиберди, ал сотко чейин СИЗОдо олтурушу керек болчу. 
Тактап, айтканда Күнөөлүү айдоочу ошол күнү аба ырайына карабай, тайгак жолдо TOYOTA IPSUN машинасын өтө жогорку ылдамдыкта айдап, авария жаратып, тормоз тепкенде машина 140 менен жолдун бет маңдайында акырын өз жолу менен келе жаткан түндүк электр мекемесинин УАЗ машинасын койгондо, ал 3-4 жолу аласалып кеткен. УАЗ машинасы ала салганда, анын техникалык жактан айдоого жооп бербеген жагдайлары болгондуктан, бензобак жарылып, машина ичиндеги тирүү 3 адам менен бирге өрттөнүп кеткен.  Ичинде 3 адамдын тирүүлөй күйүп кетишине ким жооп берет?  
Андан бери, бир айдан өттү, биз кайгырып эми бир аз өзүбүзгө келип, эсибизди жыйнап, бул кырсыкка күнөөлүү адамдар боюнча маалымат алсак, бул иш боюнча күнөөлү жаран эркиндикте жүрөт, ортого киши салып, акча сунуш кылып. Тойота-Ипсум автоунаасында жүргүнчү катары келе жаткан А.Намазова суракка  алынышы керек, аны сураган эч ким жоктой... Ысык Ата РИИБнүн тергөөчүлөрү же жакшы иштебей жатат же ага карата басым жазалып жаткандай...
Биз бул маселени биз ушул жабык бойдон калтырбайбыз жана күнөөлүү адамдар өз жазасын алмайынча тынч отура албайбыз. Аба ырайынын суук болуп, кар жаап, жолдун тайгак экендигине карабай шайлоо боюнча чогулушка Кеминден бери кызматкерлерин  чакырган Түндүк электр мекемесинин жетекчилери баш болуп жаза алышын талап кылабыз. Энергохолдингдин кайдыгер мамилесинин негизинде 3 адамдын өмүрү кыйылып, бир адам оор жаракат менен больницада, бир адам 2-3 степень күйүп отурат.  Энергохолдингде техникалык тейлөөнүн абалы абдан начар экендигинин жыйынтыгы 3 адамдын өмүрүн алып кетти. Мында жапжаш өмүрлөр кыйылып, балдары, бир туугандары, жек-жааты боздоп отурат.  Техникалык абалы начар УАЗ машинасына ким жооп берет? Же энергохолдингдин жетекчилери кымбат  ДЖИП машиналар менен жүрсө болдубу?..
Карапайым кызматкерлер эмне болсо ошо болсун, деген чиновниктер жаза албай жооп бербей калышы туура эмес. Ошол каргашалуу авариядан каза болгон түндүк электр ишканасынын кызматкерлери техникалык жактан жооп бербеген машинаны тайгакта айдатып, шайлоо боюнча чогулуш өткөргөндүгү белгилүү болду. 3 кызматкердин өлүмүнө жооп бербей кызматта турган чиновниктер эмнеге мыйзам алдында жооп бербейт, эмнеге аларга мыйзам иштебейт? Биз мындай адамгерчиликсиз мамилеге каршыбыз.  Эгер карапайым адамдардын укугу биздин мамлекетте корголбосо, анда мыйзамдын эмне кереги бар?... Териштирүү учурунда 2021-жылдын 17-ноябрында К.Байсееркеев Кыргыз Республикасынын КЖКнин 297 беренесинин негизиндеги кылмыш кылгандыгына шектелип Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-99 беренелеринин негизинде Ысык-Ата РИИБнүн УКЖсына киргизилип Ысык-Ата райондук сотунун атына К.Байсееркеевдин бөгөт коюуу чарасын 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүн тандоого өтүнүч киргизилген. Бирок таш боор соттор аны эркиндикке чыгарып жиберишиптир, эркиндикте жүргөндөр биз соттор менен сүйлөшүп алдык деп ачык эле айтып жүрүшөт. 
Ушундай кантип   болсун урматтуу ЭЛ БАШЧЫЛАРЫ!?
Мындай оор кылмышка күнөөлүү деп табылган айдоочу менен түндүк электр мекемесиндеги ошол жагдай боюнча   жооптуу жана күнөөлүү кызматкерлери өз жазасын алуусун талап кылабыз.
Биринчиден,   Кайдыгер айдоочу учурда Ысык-Ата райондук соту өз ара келишип алышып, үй камагына чыгарыптыр, демек 3 адамдын өмүрү менен сот эсептешпейби, соттордун адилеттүлүгү кайда, Бишкекте жол адам өмүрүн алган жол кырсыктары үчүн камакка алып жатат, Ысык-Атада соттордун ӨЗҮМ БИЛЕМДИГИ, АЛАРДЫН КАЙДЫГЕРЛИГИ ДЕП ТҮШҮНӨБҮЗБҮ ЖЕ КОРРУПЦИЯГА МАЛЫНГАН ДЕП ЭСЕПТӨӨГӨ ТУУРА КЕЛЕБИ?
 ЫСЫК-АТА РАЙОНУНУН УШУЛ ИШ БОЮНЧА КАРАГАН  СОТТУН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КАРАП КЕРЕК БОЛСО, АЛ ИШТЕН АЙДАЛЫШЫ КЕРЕК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИЗ. Ысык-Ата районуну прокурору да кайдыгерлик кылды деп эсептейбиз. Бул иш боюнча баардык туура эмес чечим чыгарган сотунун дагы, прокурорунун дагы ишин карап, эмне себептен туура эмес чечим чыгарганына жооп берүүсүн талап кылабыз. Же эмне сот менен прокурорлордун мыйзамсыз ишине карата эч кандай жаза жокпу?.. 

Экинчиден, ошол жол кырсыкта Карасартов Төрөбек (айдоочу) 1968-жылы туулган, Кемин району, Бейшеке айылы, Алымкулова Клара Карыбаевна 1980-жылы туулган Кемин районунун тургуну, Көкүмбаева Айнура Садыковна (турмушка чыкканга чейинки фамилиясы Абдрасулова Айнура Садыковна) 1964-жылы туулган, Кемин району, Нур айылынын тургуну, окуя болгон жерде тирүүлөй көз жумду. Үч карабашыл адамдын өмүрү кыйылып, балдары менен бир туугандары катуу стресс алып, алды больницага жатып, арты укол алып, дары ичип отурабыз. Мындай кайдыгерликтин түбү эмнеде, же эмне республикада мындай резонанс жараткан оор кылмыштуу окуялар бармак басты болуп кала берет? Деги мындай оор кылмышка ким жооп берет? Биздин кайгыга батып, стресс алып, ден соолугубузду жоготуп жатканыбыз менен эч ким эсептешпейт экен да?... Андан сырткары дагы эки адам күйүктөн катуу жарат алып дарыланып жатышат.
Үчүнчүдөн, мындай оор кылмышты жасаган жаран соттор тарабынан үй камагына чыгарылса,  мындай калыстыгы жок соттун эмне кереги бар? Эртең бүрсүгүнү аталган кылмыш ишин сот караганы жатат, жең ичинен бычышып, коррупциянын көлөкөсүнө жашырынып, кайдыгер айдоочуну эркиндикке чыгарууну көздөп жатышкандыгы тууралуу маалыматыбыз бар. Аталган жол кырсыгы мурдагы Кылмыш жана Жаза кодексинин 297 беренеси менен ЕРППга катталган жанна ошол берене менен тергелип жатат. Аталган берене менен үч адамдын өмүрүн алган жүздөгөн кишилерди күйүткө салган айдоочу оңой эле кутулуп кетет экен, ошол себептүү биз, айдоочу К.Байсееркеевди  Кылмыш жана Жаза кодексинин 2021-жылдын 2-декабрдан баштап күчүнө кирген 312-берененин 3-пунктунун негизинде жоопкерчиликке тартылышын талап кылабыз!
Урматтуу ЭЛ башчылары! Биздин мүдөөбүздү угуп күнөөлүү жарандарды катуу жазага тартылышын, ошол кырсыктын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзбөгөн  да жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилиги каралууга тийиш деп эсептейбиз жана бул оор кылмыш боюнча тиешелүү органдар жооп берүүсүн талап кылабыз.
Каза болгондордун экөөнүн, Карасартов Төрөбек (айдоочу) менен Алымкулова Кларанын туугандары угушубуз боюнча турмуш шартына байланыштуу, айласыздан акча алып, встречный арыз беришиптир, күнөөлүү тарап, алардан акча албай эле сөөктү көмгөнгө жардам берсе болмок. Угушубузга караганда УАЗ машинанын айдоочусунун 7 баласы бар экен,  жалгыз иштеп үй-бүлөсүн бакчу экен. Керек болсо ушул кырсыкка күнөөлүу К.Байсеркеев туугандары менен бирге ушул жетим калган жашаялмет Карасартов Төрөбектин балдары 22 жашка жеткиче алимент төлөп, карап, багып, чоңойтушу керек. Тоголок жетим калган Алымкулова Кларанын кичинекей кызын дагы 22 жашка чыккыча алимент төлөө менен эч нерседен кем кылбай, багып чоңойтууга милдеттүү. Анткени Алымкулова Кларанын күйөөсү былтыр өтүп кетиптир, анын бир кызы томолой жетим калды... Ал эми күнөөлүү айдоочунун туугандары Көкүмбаева Айнура (турмушка чыкканга чейинки фамилиясы Абдырасулова Айнура Садыковна) тарапка келгенде, биздикилер акчадан баш баш тарттык. Анткени сан жеткис акча берсе дагы бир тууганыбыздын орду толбойт, бул биз үчүн өтө чоң жоготуу, муну башынан кечирген адам гана түшүнөт.
Адилеттүү ЭЛ башчылары, биздин арыз-муңубузду угуп, адилет чечим чыгарууга жардам бериңиздер. Акыркы ишеничибиз СИЗДЕРДЕ калды.
Көкүмбаева Айнура Садыковнанын (турмушка чыкканга чейинки фамилиясы Абдрасулова Айнура Садыковна) бир туугандары:
  • Абдрасулова Роза Садыковна 1948-жылы туулган,  Аламүдүн районунун тургуну,
  • Абдрасулова Айгул Садыковна 1953-жылы туулган, Кочкор районунун тургуну,
  • Абдрасулова Бурул Садыковна 1952-жылы туулган, Кочкор районунун тургуну,
  • Абдрасулова Жумакан Садыковна 1957-жылы туулган, Кочкор районунун тургуну,
  • Абдрасулова Асыркүл Садыковна 1955-жылы туулган, Кочкор районунун тургуну,
  • Абдрасулова Батмакан Садыковна 1959-жылы туулган, Кочкор районунун тургуну,
  • Абдырасулова Жеңишгул Садыковна, 1969-жылы туулган, Бишкек шаарыны тургуну,
  • Абдрасулов Болот Садыкович 1967-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну,
  • Абдрасулов Табылды Садыкович 1971-жылы туулган, Кочкор районунун тургуну,
  • Абдрасулов Төштүк Садыкович 1977-жылы туулган,  Кочкор районунун тургуну.
Байланышуу телефондору:
  • +996 702 927 872 Жумакан Садыковна
  • +996 708 859 417 Асыркүл Садыковна
  • +996 701 647 171 БатмаканСадыковна
  • +996 701 236 923 Жеңишгул Садыковна
Арыздар 2021-жылдын 20-декабрында Президенттин, Жогорку Соттун, Башкы Прокуратарынын, УКМКнын арыздарды кабыл алуу бөлүмдөрүнө жеткирилген
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter