У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Митингчилер Алматынын акимчилигинин имаратына киришти


     Алматыда митингчилер жергиликтүү мамлекеттик администрациянын имаратын талкалап киришти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү Telegram каналдарына жазып чыгышты.
 
Белгиленгендей, ар кандай маалыматтар боюнча нааразылык акциясына 10 миңге чейин адам катышкан. Административдик имаратты курчоого алган тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Бирок митингчилер акимиаттын ичине кирүүгө үлгүрүшкөн. Имараттын терезелери жана эшиктери талкаланган.
Митингчилердин дагы бир бөлүгү президенттин эски резиденциясына кирүүгө аракет кылууда.
 
Эске сала кетсек, бир нече күндөн бери Казакстандын шаарларында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жатат. 2022-жылдын 1-январынан тарта баа литрине 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлдү. Митингге Актау жана Жаңы-Өзөн шаарларынын тургундары чыгып, жолдорду тосушту. Полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жеткен нааразылык акциялары республиканын бир катар шаарларында, анын ичинде Нур-Султан жана Алматыда өттү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter