У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орхан Инандын унаасындагы видеорегистратордогу акыркы кадрлар жарыяланды


1-июндан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын автоунаасында видеорегистратор болгон. Бирок тергөөчү унаадагы жазууларды алган эмес. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова 9-июнда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды жана Орхан Инанды жоголгонго чейинки акыркы кадрларды жарыялады.
 
Ал белгисиз адамды тартып алган видеорегистратордун кадрларын тиркеген жана бул акыркы кадрлар экенин кошумчалады. 
 
«Туугандардын айтымында, тергөөчү Орхан Инандын унаасындагы видеорегистратордогу жаздырууларды алган эмес. Ички иштер министрлиги «тирүү» күбөлөрдү, же уурдап кетиши мүмкүн болгон адамдарды издегенден көрө, курулуштарды издөө жакшы деп чечкен окойт, - деди Токтанкунова.
 
Ошондой эле жактоочу видеожазуулар тергөөчүгө өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter