У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ыдырыс Исаков: «Абал оорго окшоп турат»


Чекарадагы абалды айтаардан мурун Кыргызстан ички жана тышкы саясатта өз эркиндигин коргоого чамасы жетип жатабы? -деген суроого жооп берип алганыбыз оң. Тышты коё туруп, ички саясатыбызды карап көрөлү. Айрым гана фактыларды санап берейин. 
 
Мисалы, Кыргыз-Түрк саясаты; 
-Түрк бийлигинин талабы менен гүленчилер тобунун мүчөсү деп саналган Алмаз Бейшеналиевди билим берүү министрлигинен алдык. Кыргыз бийлиги кадр саясатында сырткы басымга туруштук бералган жок. Бейшеналиевди түрктөргө салып бердик. Бейшеналиев ал кызматка татыктуубу же жокпу деген маселе өзүнчө сөз. Маркум Каныбек Исаковго салыштырганда Бейшеналиев бери дегенде “али жаш” эле. 
 
-Кыргызстанда алгач “Себат”, анан “Сапат” деген ат менен таанымал түрк лицейлеринин кожоюну Орхан Инанды жоголду. Кантсе да Орхан Кыргызстандын жараны эле. Эл арасында Орханды түрк бийлиги уурдап кетти деген божомолдор бар. Түрк бийлигинин гүленчилерге болгон мамилесин эске алганда бул жүйөөлөр жөндүү туюлат.  Эгер бул божомол чын болсо, анда түрк бийлиги Орханды өз түрмөсүнө ачык камайт, же ың-жыңсыз тындым кылат. Эгерде түрк бийлиги Орханды ачык эле камакка салса, анда кыргыз бийлигин жаака чапкандык болот. 
 
Жок, Орханды ың-жыңсыз жок кылса, анда кыргыз бийлигине аз гана болсо да урмат көрсөткөндөй болор. Бирок ошондо да Түрк бийлиги Садыр Жапаровду урматтабагандай болуп турат. Эгерде Жапаровго азыраак болсо да урматы болсо, Жапаровдун сырткы жана ички кадыры алсыз экенин, сөөгү ката элек жаш экенин эске алып, анын беделине доо кетире турган кадамдардан карманмак деп ойлойм. Түрк бийлиги Садыр Жапаровду жөн жерден садага чаап салбаса болду. Же Баткенге берген жардамын колко кылып жатабы деген да ой бар. Кыскасы Кыргыз бийлиги Орхан маселесинде да өз эркиндигин коргой албады. 
 
Эми Кыргыз-Кытай мамилеси; 
Кытай менен Тайвандын мамилеси өтө начар экени бардык эле Кыргызстандыкка маалым эмес. Эл тургай ЖК депутаттары арасында да Кытай-Тайван мамилесинен кабарсыздары толтура. Н.Алимбеков ЖКда вице-спикер болуп турган учурда бизнес иштери менен Тайванга барган. Андан келери менен вице-спикерлик кызматынан ооп түшкөн. Анткени кайсы чиновнигибиз каякта, эмне иш кылып жүргөнүн Кытай чалгыны жакшы билет экен. Ошентип, Алимбековдун төрагалыктан кетишин Кытай кошунабыз талап кылган. Кыргыз бийлиги кытайдын талабына каршы туралбай Алимбековду садага чаап кутулган. Ал кезде С.Жээнбеков кытайдан алган карызды, азыр да алып жаткан товарларды, анча мынча гранттарды эске алып, эркиндик тууралуу ойлонгонго чамасы жеткен эмес. 
 
Эми Кыргыз-Тажик алакасы тууралуу;
Тажикстандын бир чиновниги маалымат жыйын куруп, “Баткен илгертен тажиктин жери болчу. Аны кыргыздарга боор ооруп, убактылуу берип койгон элек” деп чыкты. Мындай дооматка бир нота бергенден башка жооп кылалган жокпуз. Түнү менен тымызын тындым кылып койчу ыкмаларды иштеткенге батынган жетекчи болгон жок. Же ошол замат эсине келтирип, эсирген кошунаны соолуктура койчу шаймандарды убагында колдонгонго башы жеткен бирөө табылган жок. Ордонун оюунунун кызыгына батып алган бийлерибиз кошуналарга жооп бергенге кызыкпады.  
 
Исфара райондук милициясынын жетекчилигинен бошонуп кетсе да, эч жерде иштебесе да Тажиктин Шох аттуу генералы анклавтагы Варухка бир короо бандити менен кирип чыгып жүрдү. Эч жерде расмий иштебеген бандит чалыш генералды чекараны бузуп өткөнү үчүн тобу менен тыптыйпыл кылбаса да, туткундап алып, энесин таанытканга батынган бир командир табылган жок. 
 
30-апрелде Кыргызстанга кол салган куралдуу бандиттер менен сүрөткө түшкөн Сохтун губернатору уруштан үч күн өтпөй Кыргызстанга сүйлөшүүгө келди. Лям дей албай корообузга киргизип, лям дей албай узаттык. 
 
Кыргыз-Орус алакасы;
Путин ойлоп тапкан ЕАЭСке кыңк этпей мүчө болсок дагы, дайыма орустун ою менен болуп, көзүнүн агы менен тең айлансак дагы, Кыргызстанга кол салынган күндөрү коопсуздук кеңешибиздин төрагасы Тажикстанда болсо дагы, ал жыйында Жамааттык коопсуздук уюмунун төрагасы, Орустун коргоо министри катышып отурса дагы, же элчибиз, же коопсуздук кеңешибиздин башчысы ордунан туруп, Оуу кошуналар! Эсиңерге келгиле! дегенге жарабады. Президентибиз Жапаров Рахмон менен түз сүйлөшпөй кыйлага чейин кыйылып отурду. Азыр Чоң-Алайдагы чыр Кыргыз-Тажик мамилесинде эч нерсе чечилбегенин ачык көрсөттү.
 
Кыргыз-Казак алакасы;
Кыргыз-казак бир тууган деп, өзүбүздү өзүбүз соороткон менен казактар апталап, жолун ачпай койгонду адат кылып алышты. Анысы аз келгенсип, азыр казактар аскердик техника жагынан Тажиктерге акысыз жардам берерин ачык жарыялады. Муну кандай кабыл алышыбыз керек?
 
Кыскасы кыргыздар жалгыз экенибизди, кудайдан жана өзүбүздүн элден башка таянарыбыз жок экенин эртерээк түшүнсөк болмок. Бийликке келери менен коррупциянын атасын тааныткан агаларыбыз аз-маз алкымын тыйып, коктудан арыраакты ойлонсо кана?
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter